«Аль-Насрдын» чабуулчусу Криштиану Роналдунун айлыгынын көбү Сауд Арабиянын өкмөтүнөн төлөнөт.
Массалык маалымат каражаттары клуб португалиялыкка болгону 10 пайыз берип жатканын жазышууда.
Калган сумманы мамлекет өзүнө алат.
Эске салсак, Роналдунун “Аль-Насрдагы” айлыгы 200 миллион еврону түзөт.
Анын келишими 2025-жылдын жай айына чейин түзүлгөн.