Ордо калаанын 37 мектебинде лагерлер ачылат

Ордо калаанын 37 мектебинде лагерлер ачылат. Мэриядан билдиришкендей, алар 3-июндан 28-июнга чейин иштеп, жалпысынан 4 миң 275 баланы кабыл алат.

 

Андан тышкары, июль айында окуунун активисттери, отличниктери жана аз камсыздалган, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Ошондой эле, шаарда ар кандай чыгармачыл борборлор ачылып, балдар алардагы ийримдерге катышса болот.