Бишкектен Сеулга туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кореялык авиакомпания Сеул – Бишкек – Сеул багыты боюнча түз каттамдарды июнь айында ачууну пландап жатат.
Белгилеп кетсек, Түштүк Кореянын борборуна туруктуу каттамдар биринчи жолу аткарылат.