Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот

Бишкектин түндүгүндөгү санитардык таштанды талаасынын орду парк болот. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медетбек Маметов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда аталган талаанын жерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин 850 көчөт отургузулду. Болжолдуу 2-3 гектар жерге бак тигилип, токойго айландырылат.