Ɵтмөк ашуусунда трассаны оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Ɵтмөк ашуусунда трассаны оңдоо иштери уланууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жумуштар жолдун ар кайсы тилкелеринде аткарылып жатат.

 

Жалпысынан беш чакырымга асфальт төшөө пландалууда. Учурда эки чакырымдан ашык жерге асфальт төшөлдү.