Ордо калаанын бир нече району жылуулуксуз калды

Ордо калаанын бир нече району жылуулуксуз калды. Бишкек жылуулук тармагынын жетекчи орун басары Шаршенбек Сарыкеев билдиргендей, бүгүнкү күндө кээ бир түштүк кичи райондордо, ошондой эле Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда жылуулуктун төмөн параметрлери менен камсыздоо байкалууда.

 

Ысык суу бардык абоненттер үчүн токтотулду. Социалдык мааниге ээ эмес объектилерде да жылуулук өчүрүлгөн.

 

Сарыкеев белгилегендей, бул жылуулук менен камсыздоо системасын сактап калуу үчүн зарыл болгон аргасыз чара.