«Ала-Арча» паркы 26-январь саат 18:00дөн баштап, 27-январь саат 18:00гө чейин эс алуучулар үчүн жабык болот.
Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мунун себеби Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарына байланыштуу.