Бишкектин Калыс-Ордо конушунда социалдык шаарча пайда болот.
Мэрия билдиргендей, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
Бардыгы болуп аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 30 турак жай жана амбулатордук пункт куруу пландалууда.
Бул иш кайрымдуулук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө.