Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда жолдун бир тарабынын 1,5 чакырым аралыгына 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары басылды. Аны менен катар жер иштери, жолдун негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.