Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады

Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Абдиев атындагы мектеп 150 окуучуга чакталып, Ноокат районунун Караке айылында жайгашат.

 

Ал эми Ачы айылындагы мектеп 225 окуучуну кабыл алат. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы бала бакча  60 орундуу болуп, жакында бөбөктөргө каалгаларын ачат. Эске салсак, сентябрга карата ведомство 50 объектти ачууну пландап жатат, анын ичинде 20 мектеп, 10 бала бакча жана 20 саламаттыкты сактоо объектиси бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.