Талас облусунун Айтматов районунда 8 жылдан бери курулуп жаткан мектеп колдонууга берилди.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, Ак-Жар айылындагы билим берүү имаратынын курулушу 2015-жылы башталган.
Мектеп 225 окуучуга чакталат. Жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзгөн имараттын курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.