Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объект Үч-Бай айылында жайгашып 275 орунга чакталат.

 

Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2022-жылдан бери жүрүүдө. Имаратта 4 блоктон турган окуу корпусу, өтмөк галерея, спортзал, ашкана жана спорт аянтчалары каралган. Курулуш иштери 75 пайызга аяктап калды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.