Бишкекте таштанды чыгаруу акысы көтөрүлдү

Бишкектиктер февраль айынан баштап таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү жаңы тариф менен төлөй баштайт.

Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары таштандыга тиричилик керектөөчүлөр үчүн бир адамга 41 сом, чарбалык субъектер үчүн куб метри 361 сом, пенсионерлерге жеңилдиктери менен бир адамга 22,5 сомдон алынат.