Токаев «Борбор Азия-Евробиримдик» саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 2-июнда иш сапар менен Кыргызстанга келди. Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитине катышуу үчүн келген казак лидерин Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунан өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды.

 

Саммит Чолпон-Атада бүгүн өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстанга Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель келди.

 

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов да келди. Ошондой эле саммитке Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.