Ош облусунун Өзгөн районунда эки канал колдонууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районунда эки канал колдонууга берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришкендей, Жаман-Адыр жергесиндеги эки каналды реконструкциялоого президент фондунан 100 миллион сом жана облустук Суу чарба башкармалыгынан 7 миллион сом бөлүнгөн.

 

Калыбына келтирүү иштеринен кийин каналдын сугат суусу менен камтыган аянты 720 гектарга жетти. Реконструкция иштери өткөн жылдын май айында башталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.