Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

 

Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 71-чакырымы жана 82-чакырымындагы жол жабылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.