Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.