Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга эвакуацияланууда

Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга эвакуацияланууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган райондун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралды.

 

Мындан улам, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин жүргүзүп жатат.