Ош шаардык ооруканасынын базасында органдардын трансплантациясы боюнча борбор ачылат

Ош шаардык ооруканасынын базасында органдардын трансплантациясы боюнча борбор ачылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, оор операцияларды жүргүзүү үчүн заманбап операциялык блоктор түзүлүп, зарыл жадбуулар менен камсыздалды.

 

Андан тышкары, тажрыйбалуу адистерден турган медициналык персонал түзүлдү.

 

Алар атайын окуудан өткөн. Күтүлгөндөй, жаңы оорукана түштүк аймакты тейлеп, чет мамлекетке дарылануу үчүн барууга аргасыз болгон бейтаптардын санын кыскартат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.