Түркияга дарыланууга жиберилген учкуч Кыргызстанга кайтып келди

17-январда Бишкектин четинде катталган тик учак кырсыгында жабыркаган учкуч Түркиядагы дарылануусун аяктап, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ал дарылануусун организми толук калыбына келгенче Бишкектен улантат.

 

Адана шаарында дарыланып жаткан дагы бир учкуч жана Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркаган эки адамдын да ден соолугу жакшырып баратканы, алар дагы жакынкы убакта мекенине кайтып келери кабарланды.