Тоң районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бүгүн Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ачылыш аземге министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

 

Министр өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты калктын жеткиликтүү дары-дармектерге байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгиледи.

 

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 6 мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы иштөөдө.