Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери жүрүүдө

Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында аталган көчө жаңы темир жол өткөөлүнөн И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады.

 

Ал эми жолдун боюндагы суу жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары толук көчүрүлүп, бордюрларды жана арык лотокторун орнотуу боюнча иштер аяктады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.