Кыргызстанда турак-жай жеткиликтүү болуп калды

Кыргызстанда турак-жай жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук банк эсептеген индексте айтылат.

 

2022-жылга карата соңку эсептөөлөр боюнча 54 чарчы метр эки бөлмөлүү батирге каражат топтоо үчүн 9,5 жылдан бир аз көбүрөөк убакыт керектелет, 2021-жылы бул көрсөткүч 11 жылды түзгөн.

 

Бул бир үй-бүлөнүн орточо айлык кирешеси эки кишиге 51 миң 400 сом болуп, кыймылсыз мүлк сатып алууга туура жарымын үнөмдөгөн шартта мүмкүн болот.

 

Улуттук банк турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн орточо айлык эмгек акынын жогорулашы менен байланыштырат.