Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алат. Бул тууралуу novosti.kgге Каржы министрлигинин Банктар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Жанара Орозалиева билдирди.
Анын айтымында, бул максатта 1 миллиард сом каралат. Турак-жайга же коммерциялык объектке газ өткөрүү үчүн насыяны жарандар, компаниялар жана жеке ишкерлер ала алат.
Каражат курулуш-монтаждоо иштерине, керектүү материалдарды сатып алууга жана газ менен жылытуучу системаларды сатып алууга берилет. Насыялоонун ставкасы жылдык 8 жана 12 пайызды түзөт. Максималдуу суммасы – 150 миң сом.