Ошто айрым коомдук транспорттордун кыймылы убактылуу өзгөртүлөт

Ош шаарында бүгүнтөн тарта А.Мамыров көчөсүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилет. Муниципалитеттен билдиришкендей, алар төмөнкүлөр:

 

  • №116 кичи автобустук каттамы өзүнө бектилип берилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, Амир-Темир Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;
  • №119 кичи автобустук каттамынын азыркы жүрүп жаткан кыймыл чиймеси менен келип Санкт-Петербург, Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;
  • №122 кичи автобустук каттамы Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров, Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү менен келип андан ары өздөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт;
  • №127 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт;
  • №146 кичи автобустук каттамы өзөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, А.Мамыров көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;
  • №157 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.