Нарын шаарында үйлөргө жылуулуктун берилиши текшерилди

Нарын шаарында үйлөргө жылуулуктун берилиши текшерилди.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын айрым жашоочуларынын жылуулук жакшы берилбей жатат деген билдирүүлөрүнөн улам мэр Канболот Тутуев кайрылган жарандардын үйлөрүн кыдырып, жылуулуктун берилишинен кабар алды.

 

Кыдыруу учурунда айрым кабаттуу үйлөрдө жылуулук талаптагыдай берилбей жаткандыгы аныкталды.

 

Канболот Тутуев тийиштүү мекеме башчысына жана тармак жетекчисине көйгөйдү жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүү, кыш мезгили учурунда нормадан кем эмес температурада от жагууну жана тынымсыз көзөмөлдөөнү тапшырды.