Бишкекте 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты

Бишкекте 14 мектеп менен бир бала бакчанын спорт аянтчаларынын эскиздик долбоорлору иштелип чыкты.

 

Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, эскиздик долбоорго волейбол, баскетбол, футбол, ошондой эле воркаут аянтчалары жана кээ бир мектептерде жабык футбол аянтчалары кирет. Оюн аянтчалары окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп, жасалма газон менен жабдылат.

 

Долбоор ошондой эле фонтан, спорт зал жана кечки жарыктандыруу системасын камтыйт.