Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире алдын ала маалымат боюнча  2024-жылдын 15-январынан тарта көтөрүлөт

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире алдын ала маалымат боюнча  2024-жылдын 15-январынан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Белгилеп кетсек, жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоорун шаардык кеңеш бүгүн кабыл алды.

 

Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай  20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен 11 сом болот.