Ошто эки деңгээлдүү жол түйүнү курулат.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүндө жайгашат. Профилдик кызматтарга курулуш иштерин баштоо, айрым объектилерди түрттүрүү, коммуникацияларды жылдыруу тапшырмасы берилди.
Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында жол кеңейтилип, тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.