Ошто Сулайман-Тоого баруучу жол оңдоло баштады

Ошто Сулайман-Тоого баруучу жол оңдоло баштады. Амир-Тимур көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерин кытайлык компания ишке ашыра турганын шаардык мэрия билдирди.

 

Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.