Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды

Ош облусуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, режим облус аймагында абал турукташып, сел каптаган райондордо калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары аяктаганына байланыштуу аймактагы президенттин өкүлүнүн буйругунун негизинде кечээ алынган.

 

Белгилеп кетсек, 20-апрелде Ош облусунун аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, унаа жолдорду суу каптап, бир адам каза болгон. Буга байланыштуу облус аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.