Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда.

 

Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери дагы жүргүзүлүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.