Бүгүн жана эртең Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн  тилкеси унаа кыймылына чектелет

Бүгүн жана эртең Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн  тилкеси унаа кыймылына чектелет. Мэрия маалыматы боюнча, анын Бакаев көчөсү менен кесилишинде коллекторду куруу боюнча иштер аткарылат.

 

Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.