Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, сертификаттарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырды.

 

Кайтарымсыз негизде каражат алган үй-бүлөлөр бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.

 

Белгилеп кетсек, аталган долбоор калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында былтыртан тарта ишке ашырылууда.