Коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгат

Кыргызстандын Улуттук банкы коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарат. Маалыматка караганда, жалпы төрт коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылат.

Алар — «Тарыхый окуялар» сериясынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталары.

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинде түстүү ыкмада берилген Конституция чагылдырылган. Монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн.

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын таанытуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарын жандандыруу максатында чыгарылган.

 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинде бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясын колдонуу менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн.

 

Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.