Париждеги Паралимпиада оюндарына катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Париждеги Паралимпиада оюндарына катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өттү. Кыргызстандан жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, триатлондон Айтунук Жоомарт кызы, дзюдочу Маматибраим Суранов  жана пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева  катышты.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.