Парламентте жергиликтүү кеңештерге шайлоого тиешелүү мыйзам долбоорлордун топтому экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

Парламентте жергиликтүү кеңештерге шайлоого тиешелүү мыйзам долбоорлордун топтому экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Ага ылайык, шаардык кеңешке шайлоодо саясий партияга эле эмес, талапкерлерге да добуш берилет.

 

Партия алган мандаттарынын 30 пайызы аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Ал эми шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлүүдө.

 

Андан тышкары, тең өкүлчүлүк принцибин сактоо үчүн жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарыл.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.