Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады. Жалпысынан 34 талапкерден арыз түшкөн. БШК 25 адамды каттады. 7 адам ар кандай себептер менен каттоодон өткөн жок.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңешке Ленин бир мандаттуу округ боюнча шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бүгүн үгүт жүргүзүү кампаниясы старт алды. Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарган.