Ленин округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-сентябрдан кеч эмес жарыяланат

Ленин округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-сентябрдан кеч эмес жарыяланат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Комиссия маалыматы боюнча, 5 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге 100 миң сомдук күрөө акысы кайтарылат.

 

Калган акча мамлекеттик бюджетке которулат. Ар бир талапкер жараянга 10 миллион сомго чейин гана корото алат деген чечим чыгарылды.

 

Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 10-сентябрга белгиленди.