Патент менен иштеген сатуучулар башка салык режимине өтүшү керек

Патент менен иштеген сатуучулар башка салык режимине өтүшү керек. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, 1-июлдан тарта соода ишкердүүлүгү үчүн патенттер жокко чыгарылат.

 

Ишкерлер азыркы салык кодексине ылайык салык төлөнгөн жалпы режимге өтө алат. Экинчи варианты – бирдиктүү салыктын негизиндеги жеңилдетилген салык салуу системасы.