Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  900-голду киргизди

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасындагы  900-голду киргизди. Улуттар лигасынын алкагында Португалия Хорватия курамасына каршы беттеш өткөргөн.

 

Роналду 34-мүнөттө атаандаштын дарбазасын багындырды. Муну менен ал курама үчүн 900 гол киргизген дүйнөдөгү жалгыз футболчу болуп калды.

 

Эске салсак, Криштиану Роналду “Алтын топтун” 5 жолку ээси. Анын эсебинде Чемпиондор лигасындагы 5 жеңиш жана Англия, Испания, Италия чемпионаттарындагы көптөгөн титулдары бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.