Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды.
Бул тууралуу Спорттук күрөш боюнча Азиялык Кеңештен билдиришти.
Жыл жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япониялык Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.