Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хорватияда өтө турган биринчи рейтингдик мелдешке катышат.
Спорттук иш-чара эртеңден тарта 14-январга чейин уланат. Курама команданын тизмесинде Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева бар.