Президент Садыр Жапаров БУУнун Келечек саммитинде сөз сүйлөдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сүйлөдү.
Өлкө башчынын кебинин урунттуу учурлары:

глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда биз көп тараптуу кызматташуунун мурда калыптанып калган ыкмаларын кайра карап чыгып, принципиалдуу чараларды көрүшүбүз керек;

пандемия учурдагы кызматташтык механизмдери заманбап чакырыктарга жооп бербей калганын көрсөттү;

дүйнөлүк коомчулук көптөгөн кыйынчылыктарга туш болууда. Анын ичине мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтар, ресурстар менен байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү кирет;

көп тараптуу башкаруу үчүн адилеттүүлүккө таянган жаңы ыкмалар керек;

тез арада чечкиндүү аракеттерди башташыбыз керек – күтүп олтурууга убакыт жок;

туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, туура көз караш жана саясий эрк менен ресурстары чектелүү кичинекей өлкөлөр да ийгиликке жете алат.