Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер башка борбордук көчөлөрдө дагы пайда болот

Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер башка борбордук көчөлөрдө дагы пайда болот.

 

“Жол транспорт инфраструктурасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, экинчи этапта Байтик баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аймакта, андан кийин Жибек Жолунда, Профсоюз көчөсүндө, Чүй проспектисинде атайын тилкелер түшүрүлөт.

 

Ал эми учурда Токомбаев көчөсүндөгү алгачкы өзүнчө тилке менен коомдук транспорт жүрүп жатат. Ага түшүп алган башка айдоочуларга айып салынат.