Бишкекте жаңы жыл түнү көз жоосун алган салют уюштурулат

Бишкекте жаңы жыл түнү көз жоосун алган салют уюштурулат. Бул максатта мэрия 755 миң сом жумшайт.

 

Андан тышкары, муниципалитет чыгармачыл топтордун жана эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа даярдайт.

 

Эске салсак, өткөн жылы ордо калаа бийлиги ыштан улам жаңы жылдык салюттан баш тарткан болчу.