Россия Кыргызстанда «Чандалаш» жана «Жерүй» чакан ГЭСтерин курат

Россия Кыргызстанда «Чандалаш» жана «Жерүй» чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди.

 

Жалал-Абад облусундагы «Чандалаш» ГЭСи менен Таластагы «Жерүй» гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды.

 

Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасын биргелешип оңдоо, Бишкекте мейманкана куруу, Чүйдө таштандыны кайра иштетүү жана башка келишимдер бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.