Россиядагы кыргызстандыктар эми Краснодарда консулдук кызмат ала алышат

Бүгүнтөн тарта Россиянын Краснодар шаарында кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Ага ылайык, кыргызстандык жарандарга мөөнөтү аяктап бараткан ID-картасын, жалпы жарандык паспортун жана Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тапшырып, жаңысына алмаштыра алышат. Ошондой эле аталган документтери бузулган же жоголгон учурларда кайрылса болот.

 

Мындан тышкары мекенине кайта кетүү үчүн күбөлүк алууга, нике кагазынын, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган же Кыргызстанда соттолбогону тууралуу жана башка маалымкаттарды суратып алдыра алышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.