Бишкекте тышкы жарнаманы иретке келтирүү уланууда

Бишкекте тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, күндүз Абдрахманов көчөсүн бойлой Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, андан ары Бөкөнбаев көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Москва көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүндө Манас проспектисине чейин, Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнө чейин, Чүй проспектиси менен Манас проспектисине чейин, Жибек-Жолу проспектисин бойлой Логвиненко көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлүп, 350гө жакын жарнама конструкциялары алып салынды.

 

Кечинде П.Лумумба көчөсүндө Профсоюз көчөсүнөн Д.Сяопин проспектисине чейин рейд өткөрүлүп, 221 мыйзамсыз тышкы жарнама алынган.

 

Буга катар эле Бишкек шаарынын архитектуралык-көркөм жана эстетикалык көрүнүш эрежелерин сактоо боюнча техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер улантылат, — деп айтылат билдирүүдө.