Депутат Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирип, арызы БШКнын жакынкы отурумунда караларын айтты. Жыйын качан өтөрү азырынча белгисиз.

 

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

 

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

 

Айбек Осмонов буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде Райымбек Матраимов менен жердеш экенин, бирок эч кандай байланышы жок экенин айткан. Ал жакында эле Түркияга барып дарыланып келгенин билдирген. Айбек Осмонов 2021-жылы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Шайлообек Атазов соттун токтому “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин” айткан.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Райымбек Матраимов коюлган айып боюнча пикирин билдире элек. Анын кайда экени да белгисиз.